ОСАГО: Жол кырсыгынан жабыркагандарга 6,1 млн сом кенемте төлөндү

Коом Загрузка... 21 Апрель 2026 16:20
1.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Жол кырсыгынан жабыркаган жарандарга ОСАГОнун алкагында жалпы 6 млн 137 миң 865 сом өлчөмүндө кенемте төлөндү. Бул тууралуу ”Мамлекеттик камсыздандыруу уюму“ ААК билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы 56 жаран камсыздандыруу төлөмдөрүн алды. Аймактар боюнча көрсөткүч:

  • Бишкек шаары — 40 жаран (3 млн 562 миң 314 сом);
  • Чүй облусу — 5 жаран (690 миң 564 сом);
  • Ысык-Көл облусу — 4 жаран (1 млн 256 миң сом);
  • Жалал-Абад облусу — 3 жаран (306 миң 163 сом);
  • Нарын облусу — 2 жаран (104 миң 805 сом);
  • Ош облусу — 1 жаран (150 миң сом);
  • Баткен облусу — 1 жаран (67 миң 927 сом).

ОСАГО — үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабууга багытталган милдеттүү камсыздандыруу түрү.