Бишкек, 19.01.26 /Кабар/. 2026-жыл жаңыргандан бери Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму камсыздандыруунун негизги түрлөрү боюнча жарандарга жана юридикалык жактарга жалпысынан 8 508 695,88 сом өлчөмүндө төлөмдөрдү жүргүздү. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эң чоң бөлүгү автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандырууга туура келет.
Төлөнгөн каражаттардын түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү:
- ОСАГО — 6 256 270 сом;
- Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу — 1 608 099 сом;
- Жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу — 644 326,88 сом.
Белгиленгендей, бул көрсөткүчтөр уюмдун камсыздандырылган жарандар алдындагы өз милдеттенмелерин өз убагында жана толук көлөмдө аткарып жаткандыгын тастыктайт.
"Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарды жана иш берүүчүлөрдү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүн өз убагында тариздөөгө жана күтүлбөгөн чыгымдардан коргонууга чакырат",-деп айтылат маалыматта.