Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жол-транспорт кырсыктарынан жабыркаган жарандарды колдоо жана алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо максатында ОСАГО боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында берүүнү улантууда.
Компаниядан билдиришкендей, 2-июнга карата өлкө боюнча ОСАГО тутумунун алкагында 31 жаранга жана юридикалык жакка жалпысынан 3 млн 102 миң 224 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү.
Коопсуздукту камсыз кылган бул төлөмдөр Бишкек шаарынын, ошондой эле Чүй, Талас, Нарын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын жол кырсыгынан жабыркаган тургундарына жана уюмдарына берилди.
ОСАГО тутуму жол кырсыгынын кесепетинен үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын ордун толтурууга шарт түзүп, айдоочулардын финансылык тобокелдиктерин азайтууда маанилүү ролду ойнойт. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ар бир учур боюнча мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү экспертизаларды жүргүзүп, төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттө ишке ашырып келет.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму бардык айдоочуларды өзүнүн жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн ОСАГО полисин өз убагында тариздөөгө чакырат.
ОСАГО — жолдогу коопсуздуктун жана финансылык коргоонун кепилдиги!