Курулуш министри: МИКтин үйлөрүнүн сапатына күмөн саноого негиз жок

Коом Загрузка... 10 Декабрь 2025 16:40
WhatsApp Image 2025-12-10 at 16.27.12.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына күмөн саноого негиз жок. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Министрдин айтымында, ипотекалык үйлөр министрликтин техникалык көзөмөлүндө турат. Ар бир курулуш объектисине министрликтин кызматкери бекитилип, курулуштун ар бир этабын тыкыр текшерүүдөн өткөрөт.

“МИК аркылуу курулуп жаткан үйлөр заманбап технология менен туннелдүү ыкмада курулууда. Бул ыкмада үйлөр толугу менен бетон жана арматурадан тургузулат. Кыш колдонулган эмес. Мындай имараттардын жер титирөөгө туруктуулугу жогору.

Курулушта ар кандай маселелер болот. Айрым үйлөр эрте бүткөрүлсө, кээ бирлери техникалык себептерден улам кечеңдеп жатат. Эң негизгиси ипотекалык үйлөрдүн курулушу мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө. Ошондуктан, тынчсызданууга негиз жок. Баары өз убагында бүткөрүлөт. Кабатыр болууга негиз жок. Баары МИКтен үйлүү болот”,-деп белгиледи ал.