Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков тарап жаткан кадрдык алмашуулар тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, акыркы сааттарда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызматтан кетип, ордуна Догдуркүл Кендирбаеванын келиши, ошондой эле Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин ордуна Канат Асангуловдун дайындалышы тууралуу кабарлар чындыкка коошпойт.
"Айрым маалымат каражаттарында жана платформаларда тарап жаткан бул билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Жогоруда аты аталган жетекчилерге байланыштуу эч кандай кадрдык чечимдер кабыл алынган эмес. Бардык жетекчилер өз ордунда ишин улантууда," — деп жазган соцтармактагы баракчасында Орунбеков.