Орунбеков "Белес" автобусуна байланыштуу талкууларга чекит койду

Коом Загрузка... 28 Апрель 2026 13:35
5.png
copyright icon WWW

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков "Белес" автобустарына байланыштуу талкууларга токтолуп, мамлекеттик сатып алуулардагы эң башкы критерий - жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана техникалык туруктуулук экенин билдирди.

Анын айтымында, "Белес" автобусу тууралуу маселе мезгил-мезгили менен көтөрүлүп, айрыкча соцтармактарда талкууланып келет. "Эмнеге өзүбүздө чыккан автобусту албай, Кытайдын автобусун аласыңар?" — деп суроо беришет.

"Бул суроого мурда да жооп бергем, кыскача дагы бир жолу түшүндүрүүнү туура көрдүм.

Президент кызматка жаңы киришкенде автобус чыгарып жатабыз деген ишкананы барып көргөн. Ошондо ангарда кол менен чогултулган болгону 1 даана эле автобус болгон. Ал эми шаарды тейлеш үчүн бир-эки эмес, туруктуу иштей турган толук линия жана жетиштүү сандагы автобустар керек", - деди ал.

Орунбеков белгилегендей, экинчиден бул автобустар тиешелүү сыноодон өтүп, сертификат алган эмес. Тетиктери сырттан алып келинип, бул жакта жөн гана кол менен чогултулган. Стандарттарга жооп берген завод жок. Ар ким эле үйүнөн 1 автобус чогултуп алып, "меникин алгыла" дей берсе болобу? Мындай транспорт эл ташууга толук жооп бере албайт, анткени жүздөгөн адамдардын коопсуздугу биринчи орунда турушу керек.

"Үчүнчүдөн, "Белес" автобустары азыр алынып жаткан автобустарга караганда 1,5 эсе кымбат сунушталган.

Төртүнчү, "Белес" автобусунун мотору дизель менен жүрөт. Билесиздер, буга чейин шаарды булгаган дизелдик маршруттук таксилерди тазалап, газ жана электр энергиясы менен жүргөн автобустарга өткөнбүз.

Ушул жана башка себептерден улам "Белес" автобусу пайдаланууга алынган эмес. Сиздер талкуулап салыштырып жаткан сүрөттө көрсөтүлгөн “Белес” автобусунун сүрөтү дагы реалдуу долбоор, же чогултулган автобус эмес - жөн гана интернеттен алынып жасалган сүрөт, "фотошоп".

Президент эл менен жолугушканда, жыйындарда, жетекчилерди чогултканда дагы ата мекендик өндүрүш негизги приоритет экенин белгилеп келет. Жөн эле айтып койбой реалдуу ата мекендик өндүрүштү колдоп жатат.

Ошондуктан "Белеске" байланышкан маселеде, мамлекет ата мекендик өндүрүштү эмнеге колдобой жатат деп айтуудан мурда, жогорудагы себептерге байланышкан реалдуу шартты түшүнүү керек", - деди ал.

Ал учурда өлкөдө бир катар жеңил унаалар, жүк ташуучу унаалар чогултулуп жатканын, жакынкы убакта электромобилдер дагы чыгарыла баштай турганын белгиледи.

"Ошентип акырындык менен электробустарга да өтөбүз", - деп сөзүн жыйынтыктады Орунбеков.