Быйыл Орто-Токой ГЭСи ишке берилип, 20 кубаттоочу станция орнотулат

Коом 3 март 2026 10:50
645801939_911001854858124_2368215448567118238_n.jpg
645833811_911001761524800_5716441096683506757_n.jpg
645868115_911001731524803_8275361195494316364_n.jpg
645914793_911001818191461_20384135435407666_n.jpg
645920060_911001914858118_4340791236153827818_n.jpg
645957143_911001911524785_440982758319920772_n.jpg
646026657_911001821524794_758384474345564429_n.jpg
646038928_911001748191468_4067856041863627605_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. 2026-жылы "Чакан ГЭС" ААК электр жабдууларын жаңылоо боюнча комплекстүү программаны ишке ашырат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

"Чакан ГЭСтин" 2026-жылга карата иш-планында гидроагрегаттарды капиталдык оңдоо, эски станцияларды реконструкциялоо, ошондой эле жаңы объекттерди ишке киргизүү каралган.

Иш-пландын алкагында төмөнкү гидроагрегаттарды капиталдык оңдоо пландалууда:

  • ГЭС-3түн №1 гидроагрегатында;
  • ГЭС-4түн №1 гидроагрегатында;
  • ГЭС-5тин №2 гидроагрегатында;
  • ГЭС-6нын №2 гидроагрегатында.

Мындан тышкары:

  • ГЭС-1дин №1 гидроагрегатында оңдоо иштерин жүргүзүү;
  • Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатында ремонттук иштер;
  • Орто-Токой ГЭСин пайдаланууга берүү;
  • Папан ГЭСинин курулушун улантуу;
  • Лебединов ГЭСин реконструкциялоо;
  • Электромобилдер үчүн 20 кубаттоочу станция орнотуу каралган.
"Бул иштер жабдуулардын кызмат мөөнөтүн узартууга жана 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде анын туруктуу иштешин камсыздоого мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.