Орозо эң улуу тарбиячы: Сооптору жана сырлары

Коом Загрузка... 09 Март 2026 11:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Орозо кармоо ислам дининдеги беш парздын бири. Анын негизги максаты Кудайдын ыраазычылыгына жетүү, напсини тыюу жана руханий тазалануу. Дин боюнча эксперт Орозбек Молдалиев "Кабар" агенттигине орозонун түпкү мааниси туурасында айтып берди.

Хадистерде жана ислам аалымдарынын эмгектеринде орозо кандай сүрөттөлөт?

Мусулман пендеге парз болгон беш улуу амалдын бири Рамазан айында бир ай орозо кармоо. Имам Бухари баяндаган кудсий хадисте Алла Таала мындай деген:

"Адам баласынын ар бир амалы өзү үчүн. Ал эми орозо андай эмес, ал мен үчүн. Анын сыйлыгын өзүм берем. Себеби пенде мен үчүн жеп-ичүүсүн жана напсий каалоолорун таштады. Орозо кармаган адам үчүн эки кубаныч бар, бири ооз ачкандагы кубанычы, экинчиси Раббисине жолуккандагы кубанычы. Орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Алланын алдында жыпар жыттан да жагымдуу".

Ислам аалымдары орозонун мааниси боюнча көптөгөн хадистерди келтиришкен. Хадистердин биринде, "Ар бир нерсенин зекети бар, ал эми дененин зекети орозо. Орозо сабырдын жарымы", — деп айтылат.

Абу Умама пайгамбарыбыздан өзү үчүн эң жакшы амалды сураганда, Алланын элчиси: "Орозо карма, ага тең келер эч нерсе жок!" — деп үч жолу кайталаган. Ошондой эле хадистерде Бейиште орозо кармагандар гана кире турган "Райян" аттуу өзгөчө эшик бар экени айтылат.

Имам Тирмизий жеткирген хадисте дубалары токтоосуз кабыл боло турган үч адамдын бири орозо кармаган адамдын ооз ачардагы дубасы экени белгиленген.

Мусулмандар үчүн орозонун чыныгы мааниси кандай?

Орозо мусулман үчүн тарбиячынын жана жол көрсөтүүчү жетекчинин милдетин аткарат. Чын ниети менен орозо кармаган адам күнөөдөн алыс болууга, соопчулук жана жакшылык кылууга көбүрөк умтулат.

Орозо кармаган адам башкаларды жакшылыкка чакырып, пайдалуу насааттарды айтууга аракет кылат. Натыйжада адамдын жүрөгүндөгү күмөндүү ойлор, карасанатайлык жана ичи тардык жоголуп, алардын ордун ыйман, адеп-ахлак жана бекем ишеним ээлейт. Орозодо пенде өзүн текшерип, ашказаны менен бирге колу, тили жана ички дүйнөсү да тыйылып жатабы деп өзүнө талдоо жүргүзөт.

Орозонун дагы бир негизги маңызы муктаждарга, бечараларга жана жарды-жалчыларга жардам көрсөтүү, аларга жылуу мамиле жасоо. Рамазан чексиз жакшылыктардын айы.

Орозо кармагандар бардык дене мүчөлөрү менен талаптарды бирдей аткарып, мусулманга ылайыксыз, пайдасыз иштерден оолак болушат. Алар ыплас сөздөрдөн, ушактан жана бирөөнү мазактоодон алыс болуп, мындай терс көрүнүштөрдүн жайылышына жол беришпейт.