Бишкек, 10.03.26 /Кабар/. Кыргызстанда Орозо айт 20-мартта белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде кабыл алынган.