Орозбеков БУУнун Террорчулукка каршы күрөшүү жумалыгына катышууда

Коом 30 Июнь 2026 12:10
733756901_1599918112142817_4276725910141161720_n.jpg
734022937_1599918108809484_939677794855539916_n.jpg
Алдыга
Артка
733756901_1599918112142817_4276725910141161720_n.jpg
734022937_1599918108809484_939677794855539916_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 29-июнда Нью-Йорк шаарында башталган Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы күрөшүү жумалыгынын алкагында “Терроризмден эркин келечек: мүчө мамлекеттердин лидерлиги жана аракеттери аркылуу террорчулукка каршы күрөштө көп тараптуу кызматташтыкка глобалдык умтулууну чыңдоо” деген ураан менен өтүп жаткан төртүнчү Жогорку деңгээлдеги конференцияга катышууда.

БУУнун трибунасынан сүйлөгөн Адилет Орозбеков катышуучуларга Кыргызстанда террордук жана экстремисттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде алгачкы этаптарында алдын алуу чаралары тууралуу айтып берди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы белгилегендей, Кыргызстан бул багытта мыйзамдык чараларды жана калкты, өзгөчө жаштарды радикалдашуудан алдын алуу иштерин айкалыштырган комплекстүү ыкманы жүзөгө ашырууну улантууда. Ал коомдун туруктуулугу укук коргоо органдарынын аракеттери менен гана эмес, билим берүү, агартуу, конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо жана жарандардын өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусуна шарт түзүү аркылуу да камсыздаларын баса белгиледи.

Мындан тышкары, өлкө куралдуу жаңжал болгон аймактардан кайтарылган жарандарды реабилитациялоо жана коомго кайра аралаштыруу иштерин терроризмдин алдын алуунун жана мамлекеттин эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун маанилүү бөлүгү катары карайт.

Ошондой эле Адилет Орозбеков Кыргызстан кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого каршы аракеттенүү системасын өркүндөтүп жатканын белгиледи. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен учурда 2026–2030-жылдарга арналган Кыргыз Республикасынын тиешелүү Улуттук стратегиясынын долбоорун даярдоо иштери жигердүү жүрүүдө.