Орозбеков: Аскердеги тартипти бузуу фактыларын жашыргандар жазаланат

Коом Загрузка... 11 Июнь 2026 11:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө аскер кызматкерлери арасында моралдык-психологиялык маанайды колдоо жана аскердик дисциплинаны бекемдөө маселелери каралды.

Адилет Орозбеков бардык деңгээлдеги командирлер бөлүктөрдөгү моралдык-психологиялык абалды жеке билүүгө, чыр-чатактардын, кысымдын же психологиялык көйгөйлөрдүн ар кандай белгилерине өз убагында чара көрүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

“Мындай фактыларды жашырууга, алардын маанилүүлүгүн төмөндөтүүгө же текшерүүлөргө формалдуу мамиле жасоого багытталган ар кандай аракеттер кызматтык тартипти одоно бузуу катары каралат. Бул маселе боюнча менин жеке позициям катаал жана принциптүү болот”, - деп баса белгиледи ал.

Жумушчу кеңешменин жыйынтыгы боюнча бардык мамлекеттик органдарга офицерлердин жана мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин арасындагы уставдан тышкары мамилелердин фактыларын жоюуга багытталган өз убагында жана ыкчам чараларды көрүү тапшырылды.