Бишкек, 25.02.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Каралаев көчөсү, 45 дарегинде жайгашкан “Ориентал” кафесинин Аламүдүн дарыясынын үстүнө салынган бөлүгү алынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, кафенин негизги бөлүгү жеке менчик жер тилкесинде, ал эми дарыяга салынган бөлүгү муниципалдык жер тилкесинде жайгашкан. Кошумча курулуштун туурасы 9 метрди, узундугу 27 метрди түзөт.
Буга чейин мэрияга караштуу Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы кафе ээлерине аталган бөлүктү ыктыярдуу түрдө бузуу жөнүндө билдирүү берген. Ал эми “Ориентал” ЖЧКсы ага жооп иретинде муниципалдык жер тилкесин пайдалангандыгы үчүн 330 миң сом төлөнгөн квитанцияны көрсөткөн.
“Учурда объекттин ээси кошумча курулушту өз ыктыяры менен бузууга кепилдик милдеттенмесин берип, кошумча курулуш алынууда”,-деп айтылат маалыматта.