Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Көчмөндөр оюндарынын алкагында ордо боюнча мелдештер жыйынтыкталып, Кыргызстан, Казакстан жана АКШнын командалары финалга чыкты. Улуттук курама эртең баш байге үчүн ат салышат. Бул тууралуу ордо боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Жаныбек Айталиев билдирди.
Анын айтымында Көчмөндөр оюндарына 12 мамлекеттин командалары катышууда.
“Учурда мелдештер акырындык менен жыйынтыкталып жатат. Кыргызстандан сырткары, Казакстан менен Америка Кошмо Штаттарынын командалары финалга чыгышты.
Казакстан, АКШ жана Түркиянын командалары мелдешке абдан жакшы даярдыкта келишиптир. Хорватия, Испания, Венгрия жана Кореядан келген командалар ордо оюнун жаңыдан үйрөнүп жатышат. Ошого карабастан, азыр жакшы оюн көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырышты.
Ордо — кыргыз элинин улуттук оюну болгондуктан, командабыз биринчи орунду ээлейт деп ишенип жатабыз.” — деди Жаныбек Айталиев.