Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы селлерлер жана маркетплейстердин өкүлдөрү менен биргеликте электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасын пайдалануу менен товарларды тесттик жөнөтүүнү ишке ашырды.
Ведомствонун маалыматына караганда, сыноонун жыйынтыгында товарларды Кыргызстандан Казакстандын аймагы аркылуу Россияга ийгиликтүү алып чыгуу камсыздалды. Электрондук соода аянтчасындагы соода ишмердүүлүгүнүн алкагында эсеп-фактура товарларды Кыргызстандын аймагынан чыгарганга чейин электрондук документ түрүндө таризделет. Бул документ электрондук соода аянтчалары аркылуу кийинки сатууга арналган товарлардын кыймылын документтик коштоо үчүн гана колдонулат.
Белгилей кетсек, мындай эсеп-фактураны тариздөө товарларды сатуу фактысы болуп эсептелбейт жана салык милдеттенмелеринин жаралышына алып келбейт. Электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасында (ЭЭФ МС) соода ишмердүүлүгүнүн алкагында эсеп-фактураны тариздөөнүн тартиби төмөнкүдөй:
- Электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасына кириңиз жана "Маркетплейстер үчүн ЭЭФ" бөлүмүнө өтүңүз;
- Экрандын оң жак жогорку бурчундагы "Кошуу" баскычын басыңыз.
Андан кийин салык төлөөчү электрондук соода аянтчасындагы соода ишмердүүлүгүнүн алкагында эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартибине ылайык, тиешелүү талааларды белгиленген тартипте толтурууга тийиш. Мындай тартипте таризделген эсеп-фактурага өзгөртүү киргизүүгө болбойт жана ал жараксыз деп табылбайт.
"Ушуга байланыштуу салык төлөөчү бардык маалыматтарды толук, так жана катасыз толтурууга милдеттүү, анткени киргизилген маалыматтарды кийин жокко чыгарууга же өзгөртүүгө болбойт", — деп айтылат маалыматта.
Бул форманы киргизүү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле товарларды Кыргызстандын аймагынан тоскоолдуксуз алып чыгууга багытталган.