Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. 2026-жылы Саламаттык сактоо министрлиги онкологиялык ооруларды дарылоо программасын кайра карап чыгат. Бул тууралуу аталган министрликтин коллегиясында айтылды.
Анда 2026-жылга карата Саламаттык сактоо министрлигинин негизги артыкчылыктарды аныкталгандыгы маалымдалды. Министр Каныбек Досмамбетов алардын катарына энелер жана ымыркайлар өлүмүн азайтуу, онкологиялык ооруларды дарылоо программасын кайра карап чыгуу (дарт аныктоо жана дары-дармек терапиясынын жеткиликтүүлүгүнө басым жасоо), ошондой эле жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдү кыскартуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамды күчөтүү жана профилактиканы кеңейтүү кирерин айтты.

Министр профилактика ооруларды дарылоодон — дени сак коомду калыптандырууга өтүүнү билдириши керек экенин белгиледи. Бул эрте аныктоо менен гана чектелбестен, сергек жашоо образын жайылтуу, тобокелдик факторлорун алдын алуу жана жарандардын өз саламаттыгына болгон жоопкерчилигин жогорулатуу экенин айтты.
Ошондой эле эмдөөнү балдарды башкарылуучу жугуштуу оорулардан коргоонун эң маанилүү чарасы катары белгилеп, калктын иммунопрофилактикага болгон ишенимин бекемдөө жана эмдөөнүн сапатын жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады.