Онкология борборунда 35 миңден ашык адам каттоодо турат

Ден соолук Загрузка... 19 Февраль 2026 13:20
471785116_1240532013727922_8048765548693017553_n.jpg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Онкология жана гематология улуттук борборунда 35 миңден ашык адам каттоодо турат. Бул тууралуу аталган борбордун директору Нурбек Букуев “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, жылына 6,5 миңге чейин бейтаптар катталат. Алардын 50 пайызга жакыны бир жылдын ичинде каза болот.

“Өлүмдүн башкы себеби, бул бейтаптын дарыгерге кеч кайрылуусу. Онкологиялык ооруну билбей же текшерилбей жүрүп, илдетти күчөтүп жиберишет. Бүгүнкү күндө оорунун 4 стадиясы бар. Ошол стадиялар боюнча кайрылгандардын 50 пайыздан ашыгы 3-4-стадияда күчөп кеткенде келишет. Ошондуктан алардын көпчүлүгү биринчи жылы эле көз жумат. Бирок мындай статистика Кыргызстанда эле эмес. Дүйнөлүк статистика да ушундай көрсөткүчтөрдү көрсөтөт. Жылына дүйнө жүзүндө 600 миң бейтап онкологиялык ооруга чалдыгып катталса, анын 350 миңге жакыны бир жылдын ичинде каза болот”, - деп белгиледи Нурбек Букуев.