Улуттук онкология борборуна 364 млн сомдон ашык каражат бөлүндү – Касымалиев

Ден соолук Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 16:00
363751577765182_big_uPtD2wz.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Улуттук онкология жана гематология борборуна 364 млн сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Минкаб жетекчиси ооруканада кезек күткөндөр көп экенин жана жабдуулардын иштебей калганын жеринен көрүп, маселени чечүү боюнча тапшырмалар берилгенин белгиледи.

“Кезекте отургандар жана дарыгерлер менен баарлаштым. Эки дарыгер бир бөлмөдө жарандарды кабыл алат экен. Анан жабдуулар да иштебей калыптыр. Дароо Финансы министрлигине тапшырма берип, 364 млн сом ооруканага бөлүп бердик. Мындан тышкары, өзүмдүн фондуман дагы жабдууларга керектүү материалдарды алганга 4 млн сом каралды”, - деди Адылбек Касымалиев.