Өлкө боюнча 12 миңден ашуун үй-бүлө менен соцконтракт түзүлдү

Коом Загрузка... 10 Ноябрь 2025 17:34
520464294_118797871.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. 10-ноябрга карата республика боюнча аз камсыз жана жакыр үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык контракт түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, программанын максаты — аярлуу үй-бүлөлөргө өз ишин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыктан чыгууга багытталган даректүү колдоо көрсөтүү.

Социалдык контракттын алкагында катышуучулардын бизнес-долбоорлору айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда ишке ашырылууда.

Түзүлгөн социалдык контракттардын багыттарын алып караганда, эң көп  айыл чарба тармагы — 9373 долбоор. Кызмат көрсөтүү тармагында 1112 долбоор, өндүрүштө — 925, соода тармагында — 727 долбоор ишке ашырылууда.

Катышуучулардын жалпы санынан 10 902син аялдар түзөт. 2025- жылга белгиленген квота 13 333 катышуучуну түзөт.