Окуучулар укук бузса дароо кабарлаңыз. Бишкек мэриясы шаар тургундарына кайрылуу жасады

Коом 20 февраль 2025 15:15
Окуучулар укук бузса дароо кабарлаңыз. Бишкек мэриясы шаар тургундарына кайрылуу жасады

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Бишкек мэриясы окуучулардын укук бузуу фактылары боюнча билдирүүнү суранат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаанын муниципалдык мектептеринде окуучуларга жана алардын ата-энелерине өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун кесепеттери тууралуу түшүндүрмөлөр берилип, чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү иштери жүрүүдө .

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы муниципалдык мектептердин окуучулары тарабынан жасалган укук бузууларга күбө болгон шаар тургундарын борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна 0554 182 185 (Whatsapp) телефону аркылуу токтоосуз (аудио-видео жазуу менен) билдирүүнү өтүнөт.

"Мында Кыргыз Республикасынын «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» Мыйзамынын анын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке алып келүүчү ченемдерин сактоону суранабыз",-деп айтылат маалыматта.