Бишкек, 29.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган күч органдарынын гарнизондук бөлүштүрүүсүнө катышты.
Мамлекет башчысы мындай өзгөчө шартта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо катардагы кызматтык милдет эмес, мамлекеттик маанидеги чоң жоопкерчилик экенин белгиледи.
"Биздин күч түзүмдөрүбүз элибиздин жана чет мамлекеттерден келген меймандардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздашы керек. Мында эң башкы принцип – тартип, тартип жана жоопкерчилик", – деди Садыр Жапаров.
Президент тартип сакчыларын бул принциптерди бекем карманууга чакырып, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жерлерде жана мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтүп жаткан аймактарда коопсуздук талаптарын камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле укук бузууларга жана одоно тартип бузууларга жол бербөө керектигин айтты.
Мамлекет башчысы күч органдарынын кызматкерлерине жарандарга сылык мамиле жасап, жардам сурап кайрылган ар бир адамга өз убагында жана ыкчам көмөк көрсөтүп, элге ак ниет кызмат кылууну тапшырды.
"Бардык күч түзүмдөрү өз ара байланышты күчөтүп, жүктөлгөн милдеттерди так аткаргыла", – деди президент.