Быйыл республика боюнча 250 миң бала биринчи жана экинчи класска барат

Билим 26 март 2025 14:54
Быйыл республика боюнча 250 миң бала биринчи жана экинчи класска барат

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Быйыл республика боюнча 250 миң бала биринчи жана экинчи класска барат. Бул тууралуу бүгүн брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди.

Анын айтымында, жаңы окуу жылында 151 миң 742 бала 1-класска, 98 миң 258 бала 2-класска барат.

“Бул алдын ала маалыматтар экенин белгилегим келет. Так маалымат балдар мектепке киргизилгенден кийин белгилүү болот. Анткени балдарын экинчи эмес, 1-класска бергиси келген жана башка ата-энелер болушу мүмкүн”, - деди ал.