Бишкек, 30.04.25./Кабар/. Күн мурун, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” кыздар лицейинин окуучуларын кабыл алды.
Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда 8-класстын окуучулары — Каныкей Чынгызова, Мунира Базлакунова жана Канзада Маташова министрге өздөрү иштеп чыккан “Стоп буллинг” уюлдук тиркемесин көрсөтүштү.
Министр окуучулардын демилгесин жогору баалап, уюлдук тиркеменин маанилүүлүгүн белгилеп, аны мындан да өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын берди.
“Бул тиркемени Кыргызстандын бардык балдары колдоно алгыдай болушу керек. Кыргызча да, орусча да жеткиликтүү болушу зарыл. Тиркемеге кесиптик багыт берүү, министрлик тарабынан сунушталган акысыз курстар, квоталар жана Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу акысыз тесттер тууралуу маалыматтарды да киргизүүгө болот”, — деди министр.
Белгилей кетсек, “Стоп буллинг” уюлдук тиркемесинде төмөнкү функциялар камтылган:
Чукул жардам үчүн SOS баскычы;
Буллингге каршы ар түрдүү постерлер;
Психологдун жардамын сунуштаган чат-бот.