Бишкек, 06.11.25 /Кабар/. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору ата-энелерге жана балдарга каникулду кантип пайдалуу жана коопсуз өткөрүү керектиги боюнча жөнөкөй эрежелерди сунуштады. Анткени каникулдар бул эс алып, күч топтоп, үй-бүлө менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк.
Адистердин кеңештери:
- ар күнү таза абада кыска убакытка болсо да сейилдөө, бул иммунитетти чыңдайт;
- телефон жана компьютер алдында өткөргөн убакытты чектөө — көздөр да эс алууга муктаж;
- күн тартибин сактоо жана уйкуну бузбоо;
- жетиштүү суу ичүү жана пайдалуу жеңил тамактарды тандоо — мөмө-жемиштер, жаңгактар, кургатылган жемиштер;
- аба ырайына жараша кийинүү, ооруп калуудан сактануу.
Мындан тышкары, балдарга жаңы нерсе үйрөнүүнү сунуштаңыз – үстөл оюндарын ойноо, сүрөт тартуу, үйдө бирге тамак жасоо. Ошондой эле үй-бүлөңүз менен бирге кино көрүп, сейилдеңиз. Ошол эле маалда ата-энелер балдардын коопсуздугун камсыз кылып, кечке чейин көчөдө болбоосуна жана жол четинде ойноосуна жол бербөөгө тийиш.