ӨКМдин эл аралык уюмдар менен биргелешкен кырсыктардын алдын алуу иштери бааланды

Коом Загрузка... 08 Октябрь 2025 18:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.10.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Жаратылыш кырсыктарынын коркунучун азайтуу күнүнө арналган алтынчы илимий-практикалык конференция өттү.

Анда буга чейин бир айлыктын алкагында чыгарылган изилдөө жана практикалык иштердин жыйынтыктары чыгарылып, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Өзгөчө кырдаалдар менен кызматташуусунун натыйжалары менен бөлүшүштү.

Иш-чарада Бириккен улуттар уюмунун туруктуу координатору Антье Граве өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу багытында жүргүзүлгөн иштер жөнүндө айтып жатып, “Жергиликтүү практиканын глобалдык деңгээлде таралашы абдан жакшы болуп саналат. Кырсыктардын тобокелдиктерин туруктуу каржылоону жогорулатууга республикалык бюджеттен 1% гана каражат бөлүнгөн учурлар көп болот. Мындай болбошу керек. Себеби, кырсыктардын алдын алууга өз кезегинде салынган 1 доллар 4 долларлык пайдасын алып келери байкалууда”,-деди.

Ошондой эле ал акыркы учурларда кырсык тобокелдиктери көбөйүп, үч эсе өскөнүнө токтолду.

“Баткен облусундагы суу ташкыны, сел жүрүшү дагы координация жана инвестиция иштери зарыл экендигин көрсөтүп турат. Бул жерде катышып жаткан эл аралык уюмдар дагы тобокелдиктерди алдын ала эскертүү системасын күчөтүүнүн, божомол жүргүзүү жана колдоо көргөзүүнүн үстүнөн иштеп жатышат. Алдын ала эскертүү системасы жасалма интеллекттин жардамы менен миңдеген көлдөргө мониторинг жүргүзүлүүдө. 1 млн окуучу, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өзгөчө кырдаалдарга даярдык иштерине үйрөтүүгө багытталган окуулардан өтүштү. Өзгөчө кырдаалдарга реакция жасоо программасынын алкагында ӨКМдүн улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен бирге окууларды жүргүзүүсү жакшы натыйжасын көргөзгөн. Мындан улам эгерде келечекке карай көз чаптырсак, улуттук уюмдар, жергиликтүү мамлекеттик органдар жана коомчулуктар тобокелдиктерди башкарууда биргелешип иш алып барганы абдан жакшы болот”,-деген оюн билдирди ал.

Ошондой эле конференцияда ОБСЕнин программалык кеңсесинин экономикалык жана экологиялык департаментинин жетекчиси Рати Жапаридзе да эки мекеменин кызматташуусу тууралуу пикирин билдирди.

“Негизинен тоолуу өлкөлөрдө жер титирөөлөр көп болот. Андыктан мындай өлкөлөр өзгөчө кырдаалдарга ар дайым даяр болушу керек. Андан сырткары калктын санынын өсүп жаткандыгы, климаттын өзгөрүп жатканы дагы маалым. Мындан улам кырсыктардын тобокелдигин төмөндөтүү маселеси абдан приоритеттүү болуп турган убагы. Ушул контекстте мен 2018–2030-жылдарга карата калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоо боюнча концепциянын алкагында кабыл алынган улуттук стратегиялык документтин маанилүүлүгүн өзгөчө белгилегим келет.

Бул документ мамлекеттик органдардын өз ара кызматташтыгын бекемдөөгө жана жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерин азайтуу боюнча бирдиктүү, макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгууга бекем негиз түзөт. Ошондой эле мен бул жерде министрлик менен биздин мекеменин кызматташтыгын жана алардын акыркы жылдардагы ийгиликтүү кызматташтыгын белгилеп кетким келет. Биз министрликтин ишкердүүлүгүн өтө жогору баалайбыз. Аны мындан ары да кырсыктардын тобокелдинин азайтуу, өрт жана радиация коопсуздугу, прогноздоонун гео аймактык ыкмасын колдонуу, өзгөчө кырдаалдарды эскертүү багыттарында колдоону улантабыз”,-деп кошумчалады Рати Жапаридзе.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында ар жылы уюштурулуучу кырсыктардын тобокелдиктерин алдын алууга багытталган VI илимий-практикалык конференциясы өттү. Бул эл аралык иш-чарага бир катар эл аралык уюмдар, ӨКМ министрлигинин кызматкерлери, тажрыйбалуу эксперттер катышты. Ошондой эле анда буга чейин республиканын аймагында кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган бир айлыктын алкагындагы иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылды.