Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги телефон алдамчыларынан сак болууга чакырат.
Ведомстводон маалымдашкандай, ӨКМ жетекчилигинин атынан куткаруучулардан жана ведомстволук түзүмдөрдүн кызматкерлеринен ири суммадагы акча суроо уланып жатат.
"Телефон алдамчылары бул жолу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин атынан акча талап кылып, буйрук берүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу министрлик ӨКМ жетекчилигинин атынан акча сураган телефон шылуундарына алданбоого чакырды.