Оңдоо иштери: Киев көчөсүнө чектөөлөр киргизилет

Коом Загрузка... 12 Июнь 2026 11:25
1-35-1.png
copyright icon WWW

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Бишкектеги Киев көчөсүн реконструкциялоо долбоорунун алкагында жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча оңдоо иштери башталат.

Мэриядан билдиришкендей, 15-июндан 15-августка чейин Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкесинде жолду кесип өткөн жылуулук тармактары оңдолот.

"Оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда көчө кесилиштери этап-этабы менен жана жарым-жартылай жабылып турат. Ар бир тилкедеги жумуштун аткарылышына жараша кесилиштер кезек менен чектелет", - деп айтылат маалыматта.