Оңдоо иштери: Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Коом 30 июнь 2026 08:50
Оңдоо иштери: Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. 1-июлдан тарта Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, чектөө Садырбаев көчөсүнөн "Манас айылына" чейинки тилкеге киргизилет.

"Бул тилкеде курулуш жана реконструкция иштеринин башталышына байланыштуу жол жабылууда", - деп айтылат маалыматта.