Нью-Делиде Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Экономика 414 01 Июнь 2026 09:55
709101487_1407664201379934_7583798773303055956_n.jpg
710613071_1407664198046601_8677546003368538170_n.jpg
Алдыга
Артка
709101487_1407664201379934_7583798773303055956_n.jpg
710613071_1407664198046601_8677546003368538170_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Индияда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Соода кеңешинин эл аралык диалогунда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү көрсөтүлдү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Эл аралык иш-чарага Кыргызстан, Индия, Ирак, Түштүк Корея жана башка өнөктөш өлкөлөрдүн дипломаттары, бизнес өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана тармактык эксперттер катышты. Жыйындын башкы максаты өлкөлөр ортосундагы сооданы өнүктүрүү жана экономикалык кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоо болду.

Диалогдун алкагында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы өкүлү Бектурган Калыбек уулу өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Ал инвестициялык климатты жакшыртуу жана ишкерлерге шарт түзүү боюнча жасалып жаткан кадамдар, транспорттук жана логистикалык долбоорлорду өнүктүрүү тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Кыргызстан Азия менен Европа рынокторун байланыштырган негизги евразиялык транспорттук коридорлордун кесилишинде жайгашканын белгиледи.

Бул уникалдуу географиялык артыкчылык Кыргызстанды эл аралык инвесторлор жана ири бизнес үчүн транзиттик гана эмес, чоң мүмкүнчүлүктөрү бар маанилүү аймакка айлантары өзгөчө белгиленди.