Бишкек, 17.02.26 /Кабар/. Орозо учурунда кандай тамактануу керектигин, анын пайдасын жана ден соолукту сактоо үчүн керектүү даярдыктар тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде нутрициолог Наргиза Белекова айтып берди.
Анын айтымында, каршы көрсөткүчтөр жок болсо, орозо организмге чоң пайдасын алып келет. Өзгөчө метаболикалык синдром менен жабыркаган адамдарга жардамын берет. Бул синдром инсулинге каршылык, диабет алдындагы абал, боорду май басуу жана кан басымынын жогорулашы сыяктуу абалдардын комплекси. Азыксыз узак мөөнөттө организм май запастарын энергия булагы катары колдоно баштайт, бул холестерин деңгээлин, боордун көрсөткүчтөрүн жана кан басымын жөнгө салууга жардам берет.
"Жакшы көрсөткүчкө уйку режимин сактоо жана туура тамактануу менен жетишүүгө болот. Рациондо белоктор, пайдалуу майлар жана клетчатка болушу керек. Белок этте, балыкта, пайдалуу майлар жумурткада, сары майда, быштак жана жаңгактарда, ал эми клетчатка жашылча-жемиштер, чөп-чарда жана буурчак дандарында болот. Муну менен катар таттууларды, газдалган суусундуктарды жана фастфудду чектөө керек» — деп белгиледи ал.
Нутрициолог ошондой эле орозого даярданууга көңүл буруу зарылдыгына токтолду. Өнөкөт оорулары бар адамдарга алдын ала медициналык текшерүүдөн өтүп, дарыгер менен кеңешүү сунушталат. Орозо башталардан 1–2 жума мурун зыяндуу азыктарды, кофе жана чайды акырындык менен азайтуу пайдалуу. Тамактануу режими боюнча, орозо алдындагы эртең мененки тамак толук болушу керек, кечки тамак болсо жеңилирээк болгону зарыл. Ооз ачууну суу жана 1–2 курма менен баштоо сунушталат, 15–20 мүнөттөн кийин жеңил шорпо жана негизги тамакка өтүүгө болот. Ашыкча тамактан качуу зарыл.
Белекова суу ичүү режимине өзгөчө көңүл буруп, күнүнө 1,5–2 литр суу ичүүнү сунуштады.
"Минералдык суу ачка жүргөндө минералдарды толуктоого жардам берет, бирок ашказан оорулары болсо ичкенге болбойт. Мындан тышкары, уйку режимине дагы көңүл буруу кажет",-деди ал.
Бермет Жумабекова