Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Юридика илимдеринин доктору, профессор Темирбек Нурматовдун айтымында, президент Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясындагы кыргыз тилинде сүйлөгөнү мамлекеттик тилдин эл аралык деңгээлде жайылтылышы үчүн маанилүү кадам болду.
“Кечээ президент Садыр Жапаровдун дүйнөлүк коомчулуктун алдында кыргыз тилинде баяндама жасаганы өзгөчө жагымдуу болду. Бул Кыргызстандын аброюн көтөрүп, мамлекеттик тилибизди эл аралык деңгээлде жайылтууга шарт түзөт. Президент өзү үлгү болду десек болот. Бул эл аралык мааниде да чоң мааниге ээ”, — деди ал.
Профессор президенттин сөзүндө Кыргызстандын ички жана эл аралык деңгээлдеги бир катар маанилүү маселелер көтөрүлгөнүн белгиледи. Анын ичинде Ысык-Көлдү экологиялык жактан коргоо маселесине да көңүл бурулуп, көлдү сактоого дүйнөлүк коомчулукту биргелешип салым кошууга чакырык жасалганын айтты.
“Президент ар тараптуу, ар багыттагы маселелерди көтөрдү. Ошол эле Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо, аны коргоо маселесине токтолду. Бул багытта дүйнөлүк коомчулуктун да салым кошуусуна чакырык жасады”, — деди Нурматов.
Анын айтымында, Кыргызстан акыркы жылдары коңшу мамлекеттер менен татаал маселелерди тынчтык жолу жана диалог аркылуу чечүү менен аймактык деңгээлде өз тажрыйбасын көрсөтө алды.
“Кандай гана оор, олуттуу маселе болбосун, биз коңшулар менен тынчтык жолу менен, сүйлөшүү аркылуу чечүүгө аракет кылып келебиз. Акыркы төрт-беш жылдагы чек ара маселелерин чечүүдө да диалогго басым жасалды. Бул жагынан Кыргызстан аймактык, ал тургай дүйнөлүк деңгээлде үлгү боло турган тажрыйбасын көрсөттү”, — деди профессор.
Ошондой эле ал Президент дүйнөдө болуп жаткан куралдуу кагылышууларды токтотуу, мамлекеттерди сүйлөшүүгө жана бир пикирге келүүгө чакыруу маселесине да көңүл бурганын белгиледи.
“Дүйнөлүк коомчулук сүйлөшүүгө келип, кеңешип, маселелерди диалог аркылуу чечиши керек деген көз караш айтылды. Ошондой эле каражаттарды согуштук куралдарга эмес, адамзаттын өнүгүшүнө, технологияларга жана адамдардын потенциалын өнүктүрүүгө жумшоо маселеси көтөрүлдү”, — деди Нурматов.
Мындан тышкары, профессор президенттин сөзүндө экологияны коргоо, мамлекеттер жана элдер ортосундагы достукту бекемдөө, сүйлөшүүлөрдү кеңейтүү сыяктуу маселелерге да басым жасалганын кошумчалады.