Бишкек, 23.09.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясында кыргыз тилинде сөз сүйлөшү мамлекеттик тилдин эл аралык деңгээлде жайылтылышы үчүн маанилүү кадам болду. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору, профессор Темирбек Нурматов “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, президенттин дүйнөлүк коомчулуктун алдында кыргыз тилинде баяндама жасаганы Кыргызстандын аброюн көтөрүп, мамлекеттик тилди эл аралык деңгээлде жайылтууга шарт түзөт.
“Кечээ резидент Садыр Жапаровдун дүйнөлүк коомчулуктун алдында кыргыз тилинде баяндама жасаганы өзгөчө жагымдуу болду. Бул Кыргызстандын аброюн көтөрүп, мамлекеттик тилибизди эл аралык деңгээлде жайылтууга шарт түзөт. Президент өзү үлгү болду десек болот. Бул эл аралык мааниде да чоң мааниге ээ”, — деди ал.