Нурбек Элебаев: Кредиттик рейтинг чет элдик инвесторлордун өлкөгө болгон ишенимин арттырат

Пикир Загрузка... 31 Март 2025 17:25
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Кредиттик рейтинг чет элдик инвесторлордун өлкөгө болгон ишенимин арттырат, - дейт финансы рыноктору жана корпоративдик башкаруу боюнча белгилүү эксперт Нурбек Элебаев “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Standard & Poor’s эл аралык рейтингдик агенттиги тарабынан кредиттик рейтингин B+ (туруктуу) деңгээлине көтөрүлүшү боюнча комментарий берип жатып.

"Адегенде Кыргызстандын кредиттик рейтинги эмне үчүн мынчалык маанилүү экенин тактап алалы. Бул биринчи кезекте мамлекеттин өз милдеттенмелерин аткарууга жөндөмдүүлүгүн, өлкөнүн мындан аркы экономикалык жана инвестициялык келечегин көрсөтөт. Ошондой эле кредиттик рейтинг тышкы жана ички инвесторлор үчүн абдан маанилүү. Инвесторлор тигил же бул рейтингдин негизинде компанияга, долбоорлорго, тармакка же кайсы бир мамлекеттин облигацияларына жана башка инвестициялык долбоорлоруна катышууну чечет", - деди ал.

Анын айтымында, өткөн жылы ар кандай агенттиктер тарабынан берилген В2 жана В3 деңгээлдериндеги кредиттик рейтингдин быйылкы жылы В+ (туруктуу) деңгээлине оң өзгөрүшү биздин өлкөнүн эл аралык финансы институттары башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнөн, ошондой эле чет өлкөлүк институционалдык жана чекене инвесторлордон туруктуу карыз алуу үчүн жагымдуулугу кыйла жогорулаганынан кабар берет. Масштаб боюнча, бул өлкөнүн кредиттик жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп турат, бирок терс жагдайлар муну өзгөртүп жибериши мүмкүн.

"Кредиттик агенттик учурдагы фискалдык туруктуулукту, мамлекеттик карыздын орточо деңгээлин жана Кыргызстан жүргүзүп жаткан реформалардын сапатын жогору баалайт. Бул экономиканын мындан аркы өсүшүнө жана эл аралык инвесторлор тарабынан өлкөгө болгон ишенимдин артышына өбөлгө түзөт. Акыркысы өлкөнүн эл аралык каржы рынокторундагы позициясын бекемдөөдө, өлкөнүн корпоративдик секторуна кеңири жана туруктуу инвестицияларды тартуу үчүн эшиктерди ачууда жана мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууда абдан маанилүү ролду ойнойт.

Ошондой эле өлкөнүн кредиттик оң жагдайы климат, экология, социалдык өнүгүү чөйрөсүндө туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн инвестицияларды жана жеңилдетилген кредиттерди тартууда, эл аралык финансы институттарынан мамлекеттик колдоо алууда өлкөбүз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилей кетүү керек.

Өлкөнүн кредиттик рейтингинин жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын жагымдуулугунун жогорулашы жөнүндө инвестициялык жана корпоративдик башкаруу боюнча адис катары айтсам, өлкө жетекчилигинин, биринчи кезекте өкмөттүн, ошондой эле буга жооптуу мамлекеттик финансы-чарбалык органдардын бул маанилүү маселеге карата өзгөргөн мамилеси мени кубандырып турат. Бирок, 2016-жылы биз S&P кызматтарынан баш тартууну чечкен учур болгон. Бүгүнкү күндө өкмөт "Чоң үч илтик" түзгөн эл аралык кредиттик агенттиктердин кызматтары менен гана чектелбестен, "Эксперт РА" жана AКРА сыяктуу кредиттик агенттиктердин баасын да эске алып келет.

Маселен, AКРА кредиттик агенттиги үстүбүздөгү жылдын башындагы өзүнүн узак мөөнөттүү рейтингинде "Кыргызстандын экономикалык саясатты реформалоого басым жасоосу жана ири инфраструктуралык долбоорлорго инвестицияларды жигердүү тартууга кылган аракети жарым-жартылай өлкөнүн экономикасынын тез өсүшүнүн жана анын фискалдык эсептеринин жакшылашынын кыймылдаткычы болуп калды" деген сыяктуу позитивдүү тенденцияны белгилейт. Албетте, бул маселелерге мамлекет тарабынан татыктуу көңүл бурулганына дагы чоң ишенимди берет", - деди эксперт.