Moody’s агенттиги Кыргызстандын кредиттик рейтингин B2 деңгээлине көтөрдү

Министрлер кабинети 5 октябрь 2026 18:55
Moody’s агенттиги Кыргызстандын кредиттик рейтингин B2 деңгээлине көтөрдү
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Эл аралык Moody’s рейтинг агенттиги Кыргыз Республикасынын суверендүү кредиттик рейтингин B3төн B2ге чейин ”Туруктуу“ прогнозу менен жогорулатты.

Рейтингдин жогорулашы Кыргыз Республикасынын кредиттик профилинин бекемделишин жана негизги макроэкономикалык жана фискалдык көрсөткүчтөрдүн туруктуу динамикасын чагылдырат.

Moody’s уланып жаткан экономикалык өсүштү жана экономиканын диверсификациясын, жан башына ИДПнын көбөйүшүн, масштабдуу инфраструктуралык инвестицияларды жана мамлекеттик финансылардын бекемделишин белгилейт. Мындан тышкары, мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышы төмөндөөдө. Бюджеттин киреше базасын бекемдөөгө жана мамлекеттик финансылардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясат оң бааланат.

Рейтингдин жогорулашы туруктуу өсүштү колдоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга жана ишкердик активдүүлүктү кеңейтүүгө багытталган ырааттуу экономикалык саясаттын жана түзүмдүк өзгөртүүлөрдүн натыйжасы болду.

”Туруктуу“ прогнозу менен B2 рейтинги Кыргыз Республикасынын эл аралык финансы рынокторундагы позициясын бекемдейт, инвесторлордун ишенимин арттырат жана узак мөөнөттүү каржылоону жагымдуураак шарттарда тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Бул ата мекендик бизнес үчүн өзгөчө мааниге ээ. Жогорку суверендүү рейтинг кыргызстандык банктарга жана компанияларга эл аралык капитал рынокторуна чыгууга, эл аралык кредиттик рейтингден өтүүгө жана евробонддор жана башка финансылык инструменттер аркылуу каржылоо тартууга кошумча мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошентип, Moody’s рейтингинин жогорулашы Кыргыз Республикасынын экономикалык жана финансылык туруктуулугунун бекемделгенин таануу болуп, эл аралык капиталды тартуу жана өлкөнүн экономикасын андан ары өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды түзөт.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин эл аралык кредиттик рейтингдер боюнча расмий консультанты катары Oppenheimer Europe (Оппенгеймер Европа) инвестициялык банкы иштейт. Ал Кыргыз Республикасына эл аралык рейтинг агенттиктери менен иштөөдө жана өлкөнүн суверендүү кредиттик рейтингдерин жогорулатууда көмөк көрсөтөт.

Маалымат үчүн: Moody’s Ratings – мамлекеттердин, финансы институттарынын жана компаниялардын кредитке жарамдуулугун көз карандысыз баалоочу алдыңкы эл аралык рейтинг агенттиктеринин бири. Moody’s рейтингдери эл аралык инвесторлор жана финансы институттары тарабынан кредиттик тобокелдиктерди баалоодо жана инвестициялык чечимдерди кабыл алууда кеңири колдонулат.