Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Нурбек Элебаев “Кабар” маалымат агенттигине берген пикиринде президент Садыр Жапаров бекиткен Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына баа берди.
Анын айтымында, буга чейинки бардык программалар каалоолордун жыйындысы катары курулуп, 15-20 жылга эсептелген. Азыр биринчи жолу классикалык стратегиялык план иштелип чыкты, анда бардыгын реалдуу пландаштырууга жана атайын эсептеп чыгууга болот.
“Президенттин жарлыгы менен кабыл алынган Кыргызстанды жакынкы 5 жылга өнүктүрүүнүн улуттук программасы чындап эле амбициялуу. Башкача болушу мүмкүн эмес. Кыргызстан акыркы жылдары экономикалык өнүгүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында абдан туруктуу жана алдыңкы позицияларды көрсөттү. Ал эми программада камтылган бардык пунткка жетишүүгө болот.
Бирок бул үчүн экономиканын тармактары боюнча жер-жерлерде иштелип чыккан реалдуу практикалык чечимдер жана программалар, анын аткарылышын камсыз кыла турган жана алдыга коюлган амбициялуу максаттарга жетишүүгө мүмкүндүк бере турган министрликтер менен ведомстволордун ортосундагы координация керек.
Бул бизде көбүнчө талаптагыдай аткарылбайт. Ошондуктан аны ишке ашыруу үчүн ар бир адамдын ырааттуулугуна жана жоопкерчилигине үмүттөнөбүз. Бул жерде мен биринчи кезекте программанын бардык зарыл болгон тармактарга инвестиция тартуу жана суудан тышкары шамал жана күн энергетика тармагында “жашыл” экономиканы өнүктүрүү сыяктуу бөлүмдөрүн айтып жатам. Ошол эле учурда стратегиялык пландаштыруунун жаңы деңгээлине өтүү сезилерлик пайда алып келүүгө тийиш экени мага айдан ачык. Биз эми акыры заманбап экономикалык ыкмаларды жана чечимдерди колдоно баштадык”, - деп жыйынтыктады Нурбек Элебаев.