Адылбек Касымалиев өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу 4 багытын атады

Министрлер кабинети Загрузка... 24 Декабрь 2025 11:20
12.png
copyright icon Жогорку Кеңеш

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңеште 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук программасы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, программа өлкөнүн келечегине багытталган улуу стратегиялык план.

"Программада өлкөнү туруктуу өнүгүүгө алып келе турган масштабдуу максаттар коюлган. Анда ИДПны калктын жан башына кеминде 4,5 миң долларга жеткирүү, ИДПнын көлөмүн 30 млрд доллардан ашыруу, экономиканын орточо жылдык өсүү темпин 8 пайызда сактоо, Кыргызстанды туруктуу өнүгүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 30 өлкөнүн катарына киргизүү каралган", - деди ал.

Касымалиев бул үчүн өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу 4 багытын белгиледи. Алар:

  1. Экономика индустриялаштырылат: жыл сайын жүздөгөн ишканалар ачылып, өнөр жай продукциясы 2 эсеге көбөйтүлөт, аймактарда технопарктар жана ири ишканалар ачылат;
  2. Региондук хаб: Кыргызстан Чыгыш менен Батышты бириктирген транспорттук жана логистикалык борборго айланат;
  3. Айыл чарба жана туризм: айыл чарба өндүрүшү жана кайра иштетүү кеңеет жана туризм алдыңкы 50 багытка кирет;
  4. Жашыл энергетика: энергетикага болгон керектөөлөрдү канааттандырылган кубаттуулуктар өнүктүрүлөт.
11

"Биз бул программанын негизинде иш-аракеттер планын түздүк. Жакында министрлер кабинетинин чечими менен бекитилет", - деди ал.