Бишкек. 30.09.26. /Кабар/. Кытай тилин үйрөнүү Кытай менен болгон достугубузду бекемдейт. Бул тууралуу кыргызстандык ырчы жана композитор Нур Чолпон CGTN телеканалына берген маегинде билдирди.
Маек учурунда ал чыгармачылык жолу менен бөлүшүп, элдердин жакындашуусунда жана тынчтыкка чакырууда музыканын ролун кандай көрөрүн айтып берди.
Быйыл Нур Чолпон биринчи жолу Кытайдын Үрүмчү шаарына барды. Ал жерден алган таасирлери ушунчалык күчтүү болгондуктан, артист дароо кытай тилин үйрөнүүнү чечкен.
Анын айтымында, бул ага кытай тилинде ырдоого, ырлардын маанисин так жеткирүүгө жана кытай маданиятын тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Алдыдагы пландарында — Пекинге баруу.
Нур Чолпондун музыкага болгон жолу апасынын колдоосу менен башталган. Дал ошол апасы кызынын музыкалык жөндөмүн биринчи байкап, ошондон бери анын негизги таянычы болуп келет. Музыкалык окуу жайда окуп жүргөндө ал: "Эмне үчүн Кыргызстанда опера жазган аял композитор жок?" — деген суроону өзүнө берген. Бул суроо аны консерваторияга тапшырууга түрткү болгон. Анын "Айтентек" операсы миграция темасына арналган. Башкы каарман — ата-энеси акча табуу үчүн чет өлкөгө кеткен кыз. Ал жаштарга: "Кандай гана оор кырдаал болбосун, сен баарын жеңе аласың", — деген ойду жеткирет.
Нур Чолпон өз чыгармачылыгында кыргыз маданиятын, жомокторду жана эпосторду да чагылдырып, аларды жаңы аудитория үчүн заманбап формада сунуштайт. "Мен өзүмдүн чыгармачылыгым аркылуу дүйнөдөгү бардык адамдарды тынчтыкка жана бакытка чакыргым келет", — дейт Нур Чолпон.