Өнөрүңүздү сынаңыз! K-POP бий сынагы өтөт

Маданият Загрузка... 14 Июль 2025 21:50
WhatsApp Image 2025-07-14 at 15.35.24.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы Сеул мэриясы менен биргеликте "SEOUL WEEK 2025" алкагында өтө турган бий сынагына катышууга бийчилерди чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, катышуучуларды каттоо 2-июндан 17-июлга чейин жүргүзүлөт. 19-июлда финалисттер жарыяланат.

Сынактын шарттары:

- K-pop стилинде бий видеосун тартуу керек (15-10 секунд);

- Instagramга жүктөө;

- @angelin.comm_ аккаунтун автор катары белгилөө;

- хештегдерди #seoulweek2025 #seoulmysoul #kpopdance #hallyu #lifestyle #kculture #서울의날 белгилеңиз.

Белгилей кетсек, сынактын финалы 28-июлда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында өтөт. Анда тандалган он катышуучу финалга чыгат.

Финалдын жеңүүчүлөрүнө төмөнкү сыйлыктар берилет:

1-орун - 300$;
2-орун - 200$;
3-орун - 100$.