Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Россиянын Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунда үч дипломат жана беш кызматкер иштейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Новосибирск шаарындагы башкы консул Айбек Айдарбеков билдирди.
Анын айтымында, Новосибирсктеги консулдук каттоодо 17 миң 791 Кыргызстандын жараны турат. Мындан тышкары, 50 миңден ашык мекендешибиз Россиянын жарандыгын алган.
Ошондой эле Башкы консулдун маалыматы боюнча, аймакка жыл сайын туризм, медицина жана жеке сапарлар менен 12 миңге жакын кыргызстандык жаран келет. Жалпысынан Новосибирск шаарында Кыргызстандын 30 миңге жакын жараны жашайт.
Учурда Россиянын миграциялык реестринде Кыргызстандын 4 миң 624 жараны катталган. Өткөн жылы бул көрсөткүч 11 миң 838 адамды түзгөн, бирок жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 9 миң 38 жаран реестрден чыгарылган.
"Былтыр Башкы консулдук 112 көчмө жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө 600гө жакын жаранга реестрден чыгуу маселелери боюнча практикалык жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, 1,5 миңге жакын адам жеке кайрылып, дагы 3 миң адам онлайн форматта консультация алышкан", - деди ал.
Ал эми консулдук кызматтын акы төлөнүүчү 11 түрү жана акысыз 16 түрү көрсөтүлөт. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Россиядан Кыргызстандын 310 жараны депортацияланган.