Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Ысык-Ата районундагы Новопокровка – Туз унаа жолунун 5 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдун аталган 5 чакырым бөлүгүн асфальттоо титулдук тизмеге киргизилген. Учурда №43 Жол эксплуатациялоо мекемеси пландалган иштерди толук аяктады.
Жолдун оңдолушу жергиликтүү тургундар үчүн каттамды жеңилдетип, айылдар менен район борборунун ортосундагы транспорттук байланышты жакшыртууга шарт түзөт.
Жолду оңдоо иштери министрликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.