Новопокровка айылында мыйзамсыз таштанды төгүү жайы аныкталды

Коом 592 06 Ноябрь 2025 17:15
577596668_824396850213446_6202107299826302372_n.jpg
579046270_824396846880113_5458206642457076107_n.jpg
577790151_824396843546780_4003032059980324519_n.jpg
Алдыга
Артка
577596668_824396850213446_6202107299826302372_n.jpg
579046270_824396846880113_5458206642457076107_n.jpg
577790151_824396843546780_4003032059980324519_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Новопокровка айылында мыйзамсыз таштанды төгүү жайы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайылма айыл өкмөтүнүн Новопокровка айылынын аймагында 3-зонанын жанында жерди текшерүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз таштанды төгүү жайы (стихиялык свалка) табылды.

Бул көрүнүш айлана-чөйрөгө жана калктын санитардык абалына олуттуу зыян келтирип жатат. Айыл өкмөтү жана адистер жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, таштандыларды уруксаты жок жерге төгүүнүн кесепеттерин маалымдашты.

Бардык тиешелүү материалдар Экология жана техникалык көзөмөл кызматына өткөрүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.