Новиков РКӨФ насыяны өзүнүн адамдарына гана берет деген кептерди четке какты

Коом Загрузка... 17 Октябрь 2025 18:42
WhatsApp Image 2025-10-17 at 18.15.18.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде фонд өзүнүн адамдарына гана насыя берет деген кепти четке какты.

Ал белгилегендей, фонддо чечим кабыл алуу үчүн өтө катуу ченемдик-укуктук актыларга негизделген тартип бар. Биринчиден, бардык долбоорлордун 85 пайызы башкача айтканда, 3 миң 400гө жакын долбоор кичи жана орто бизнести колдоого багытталган.

"Бул долбоорлорго берилген каражаттардын көлөмү, негизинен, 50 миң доллардан 1 млн долларга чейин жетет. Мен дайыма таң калам. Ушунча сандагы 3 миң 500гө жакын сенин адамыңды кайдан таап, насыя бере аласың? Бул физикалык жактан мүмкүн эмес. Бизде так процедуралар бар. Ар бир долбоор тиешелүү органдардын жана эксперттердин баалоосунан өтөт. Фонддун кызматкерлери же жетекчилиги менен байланышкан долбоорлор каржыланбайт. Ошондой эле кылмыштуу ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдар менен байланышкан долбоорлорду да каржылоого тыюу салынган. Чечим кабыл алууда бизде бир нече деңгээлдеги көзөмөл жана коопсуздук каралган", - деди ал.

Мындан тышкары, Новиков белгилегендей фонддо кредиттик жана башка тобокелдиктерди баалоо процесси активдүү жүрүп жатат. Эгерде сунушталган долбоор инвестициялык жана кредиттик саясатта белгиленген талаптарга жооп бербесе, ал кандай адамдын же уюмдун атынан болбосун, физикалык жактан жактырылышы мүмкүн эмес.

"Фонддо тобокелдиктерди башкаруу жана ички аудит системасы иштейт. Бул түзүм түздөн-түз фонддун башкармалыгына баш ийет. Эгерде тобокелдиктерди башкаруу бөлүмү терс корутунду берсе, ал учурда башкаруу органы же жетекчилик чечим кабыл алууга эч кандай таасир бере албайт. Мен өзүм да кийлигише албайм. Биз фонддо корпоративдик башкаруунун классикалык принциптерин бекем орноттук", - деди ал.