Спорттук оюндар жана концерт: Бишкектин райондорунда Нооруз кандай белгиленет?

Коом Загрузка... 17 Март 2026 10:15
WhatsApp Image 2026-03-17 at 10.15.10.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. 21-мартта Бишкек шаарынын 4 районунда Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Свердлов районунда майрам Карагач токоюнда саат 12:00дөн 16:00гө чейин өтөт. Боз үйлөр тигилип, кыргыз элинин салттары жана турмушу көрсөтүлөт. Чыгармачыл жамааттар менен диаспоралардын катышуусунда концерттик программа уюштурулуп, спорттук мелдештер, элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана улуттук тамак-аштардын жарманкеси өткөрүлөт.

Октябрь районунда майрамдык программа Ынтымак-2 паркында уюштурулат. Бул жерде “Шайыр Балалык” балдардын чыгармачылык борборунун катышуусунда концерт өтөт. Ошондой эле шахмат, аркан тартыш, тогуз коргоол, дартс, эстафета, футбол жана волейбол сыяктуу улуттук жана спорттук оюндар уюштурулат. Мындан тышкары, мастер-класстар, көргөзмөлөр жана көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт.

Ленин районунда иш-чаралар Газпром спорт комплексинде саат 14:00дө башталат. Бул жерде концерттер, улуттук каада-салттарды көрсөтүү, боз үйлөрдөн турган этно-шаарча, көргөзмөлөр жана мастер-класстар уюштурулат. Ошондой эле Ашар паркында саат 15:00дө боз үйлөр тигилип, этно-фуршет, спорттук оюндар жана маданий-көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт.

Ал эми Биринчи май районунда майрам Ак-Босого конушунда өтөт. Боз үйлөр тигилип, элдик оюндар уюштурулат, каада-салттар көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланат.