Ноокенде алимент төлөбөй жүргөн жарандан 588 миң сом өндүрүлдү

Укук тартиби 9 март 2026 10:30
Ноокенде алимент төлөбөй жүргөн жарандан 588 миң сом өндүрүлдү

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Ноокенде карызкордон ири суммадагы алимент өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, карызкор Э.Т.П. Ноокен райондук сотунун чечимине ылайык белгиленген алиментти узак убакыт төлөбөй келгендиктен, ага кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында карызкордон 588 миң сом алименттик карыз өндүрүлүп, каражат өндүрүп алуучуга толугу менен өткөрүлүп берилди.