Ноокаттагы цемент заводу жер титирөөгө туруктуулугу боюнча текшерилди

Аймак 19 Июнь 2026 17:35
724153037_1516638643268513_3345831209647624107_n.jpg
725015916_1516638689935175_3920234676531058225_n.jpg
726495151_1516638659935178_803489012989051216_n.jpg
726307721_1516638673268510_4338146875678727244_n.jpg
725361589_1516638636601847_1952487333093672638_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Ноокат районундагы цемент заводуна кошумча курулган өндүрүштүк блоктун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Текшерүү Кулатов айыл аймагында жайгашкан “Түштүк Кыргыз цемент” заводунда өткөрүлдү.

Адистер долбоордук документтер менен таанышып, имараттын конструкцияларынын ишенимдүүлүгүн жана сейсмикалык коопсуздук талаптарынын шайкештигин баалоо максатында конструкциялык элементтерге тиешелүү техникалык өлчөөлөрдү жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.