Ноокатта мыйзамсыз иштеген май куюучу жайдын иши токтотулду

Аймак Загрузка... 18 Июнь 2026 09:10
722384647_1515273073405070_6284057085534412052_n.jpg
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылындагы "Партнер Нефть" май куюучу станциясынын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Текшерүүдө бул объект эч кандай тиешелүү архитектуралык-долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтери жок эле иштеп жатканы аныкталган. Бул аракет өлкөнүн “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамына каршы келет.

Мыйзам бузуулар үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып салынып, кемчиликтер толук жоюлганга чейин май куюучу жайдын иши токтотулду.