Ноокатта 40 жылдан бери чечилбеген көп кабаттуу үйдүн маселеси чечилди

Аймак 9 сентябрь 2026 09:20
Ноокатта 40 жылдан бери чечилбеген көп кабаттуу үйдүн маселеси чечилди
copyright icon WWW

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Ноокат шаарындагы көп жылдан бери пайдаланууга берилбей келген 48 батирлүү турак үйдүн маселеси чечилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аэропорт көчөсү, 48 дарегиндеги төрт кабаттуу үйдүн жашоочуларына объектти пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысы тапшырылды.

Белгилей кетсек, үйдүн курулушу 1986-жылы башталып, 1989-жылы токтоп калган. 2023-жылы курулуш иштери кайра жанданганы менен, үйдү пайдаланууга берүү маселеси чечилбей келген.

"Эми батир ээлери турак жайларын өз атына каттатып, укук белгилөөчү документтерин ала алышат. Ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр белгиленген тарифтер боюнча жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.