Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Ош шаарында быйыл жыл башынан бери 50 көп кабаттуу үйдүн фасады актап-сырдалды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жыл аягына чейин дагы 20 үйдө иштерди бүтүрүү пландалууда.
Иштерди муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы жүргүзүүдө. 2025-жылы шаардагы 50 көп кабаттуу үйдүн фасады жаңыланган.
Фасаддарды актап-сырдоо иштери шаардын көркүн жакшыртуу жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө.