Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагында жайгашкан эски стадиондун ордуна заманбап, көп функционалдуу спорт комплекс курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев атайын жыйындын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, бул максатта президенттин администрациясына Турукташтыруу фондунан 350 млн сом бөлүп берүү тууралуу расмий кат жөнөтүлгөн.
"Натыйжада президенттин тиешелүү тескемеси чыгып, каржылоого уруксат берилди", - деди ал.