Үнөмдүү жана түшүмдүү. Дыйкандарга үрөн себүүнүн жаңы ыкмасы сунушталды

Коом Загрузка... 25 Ноябрь 2025 12:04
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу үрөн себүүдө инновациялык ыкма колдонулуп, анын натыйжалуулугу практикада тастыкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Аймактар менен өз аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Нурдин Довлетов билдирди.

Жаңы ыкма жер семирткичтин коромжусун азайтып, түшүмдүүлүктү жогорулатып, отоо чөптөрдүн өсүшүн кескин кыскартат. Мындан тышкары, жердин кычкылдуулугун азайтууга жардам берет.

Ыкманын маңызы: 1 гектар жерге 200 кг арпа себилсе, болгону 10 кг селитра талап кылынат. Алгач үрөн селитра менен аралаштырылып, 1-2 сутка тыныктырылат. Бул аралыкта үрөн селитрадан азыктанып, күчтөнөт. Андан соң үрөн сеялкага салынып себилет. Отоо чөп дээрлик чыкпайт. Жердин кычкылдуулугу төмөндөйт. Кошумча 1 кг акиташ кошуу жер кыртышы үчүн дагы да пайдалуу.

Бул ыкма Нурдин Довлетов тарабынан 10 жылдан ашуун убакыттан бери колдонулуп, бир нече жолу жогорку натыйжа берген.

Айыл чарба министрлиги фермерлерди бул натыйжалуу жана үнөмдүү технологияны колдонууну сунуштайт.