Бишкек, 06.08.26 /Кабар/. АКШнын Огайо штатындагы Вапаконета шаарында Айга биринчи болуп учкан астронавт Нил Армстронгдун бала чагы өткөн үй сатыкка чыгарылды. Үйдүн баасы 430 миң долларга бааланганын Associated Press агенттигине таянып, Интерфакс маалымдады.
1908-жылы курулган тарыхый үйдө Армстронг өспүрүм кезинде учактардын моделдерин жасап, аэродинамика боюнча алгачкы тажрыйбаларын жүргүзгөн. Дал ушул жерде ал учкуч болууну кыялданып, 16 жашында лицензия алган. Кийинчерээк ал дүйнөлүк тарыхтагы эң белгилүү астронавттардын бири болуп, Айга биринчи болуп кадам таштаган.
Үйдүн азыркы ээси, тарых мугалими Карен Майкселл бул мүлктү 1988-жылы сатып алып, анын тарыхый көрүнүшүн сактап келе жатканын айткан. Анын үйүндө тогуз астронавт, анын ичинде “Аполлон-11” миссиясынын мүчөсү Базз Олдрин да конок болгон.
Учурда үйдүн ичинде Ай программасына байланышкан сүрөттөр жана “Аполлон-11” экипажы белек кылган эстелик буюмдар сакталууда.
Имарат расмий түрдө тарыхый эстелик макамына ээ эмес. Бирок Карен Майкселл жаңы кожоюн бул үйдүн тарыхый баалуулугун сактап калат же аны Нил Армстронгдун авиация жана космос музейинин фондуна өткөрүп берет деген үмүтүн билдирет.